Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Экономика министрлердин 8-жолугушуусу
2018-жылдын 17-октябрында Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин экономика министрлеринин жолугушуусу өтөт. Бул жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Венгрия жана Түрк Кеңешинин Катчылыгынын өкүлдөрү катышат. ССТГнын экономика министрлеринин жолугушуулары жыл сайын өткөрүлүп турат, аларда сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби инвестициялык климатты жакшыртуу, экономикалык диверсификацияны жогорулатуу, сооданы жана ишкердүүлүктү илгерилетүү маселелерин талкуулоону камтыйт. Түрк тилдүү мамлекеттердин экономика министрлеринин мындай жолугушуусу, өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык мамилелердин перспективаларын талкуулоого мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле кызматташууну андан ары тереңдетүү боюнча жалпы позицияны иштеп чыгууга багытталган, алар үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрындагы 2018-жылдын мамлекет башчыларынын 6-саммитинин жүрүшүндө каралган. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин имаратынан Кой-Таш жана "Жаннат Резорт" тоо отелине журналисттер саат 9.30 да чыгып кетишет. Тел.0312620535 (134,137)., 0555209560.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу