Корей импорттоочулардын ассоциациясынын колдоосу менен "Import Goods Fair" эл аралык көргөзмө

2020-жылдын 25-27-июндары
2020-жылдын 25-27-июндарында Корея Республикасынын Сеул шаарында Корей импорттоочулардын ассоциациясынын колдоосу менен “Import Goods Fair” эл аралык көргөзмө өтөт. Бул көргөзмөнүн негизги багыты болуп Корея Республикасына чет өлкөлөрдүн товарларын жана продукцияларын илгерилетүү болуп саналат: айыл чарба жана тамак-аш азыктары, үй жасалгалоо буюмдары, балдар товарлары, зергер буюмдары жана аксессуарлар, спорт жана эс алуу үчүн товарлар, электр тиричилик техникасы, жабдуулар, биринчи кезекте керектелүүчү буюмдар, туристтик кызматтар ж.б. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин колдоосунда улуттук товарларды жана продукцияларды көрсөтүү үчүн 9 м2 өлчөмдөгү павильон (ЗхЗш) акысыз негизде берилет, ошондой эле зарылчылык келип чыккан учурда павильонду 2800 АКШ долл. кошумча ижарага алуу мүмкүнчүлүгү бар, анткени бир павильондо максимум үч компания өз продукцияларын көрсөтө алышат. Европа, АКШ жана Азия өлкөлөрүнөн 200дөн ашык компания катышуусу күтүлүүдө. Иш-чаранын катышуучулары үчүн өзүнчө В2В жолугушуу жана кызматташуу жөнүндө контракттарды түзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Иш-чарага алдын ала катталуу үчүн Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигине кайрылуу керек: т. 0312620363, Айпери Джайлообаева, ошондой эле Корея Республикасындагы КР элчилигине: т. +821065272882 Кубанычбек Мураталиев. Арыз берүү үчүн анкеталык форма элчиликтин жана Агенттиктин сайттарында жарыяланган.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу