УРМАТТУУ ОКУРМАНДАР!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 Экономика министрлиги жөнүндөгү Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги макроэкономикалык, монополияга каршы, тарифтик, лицензиялык, инвестициялык, тышкы экономикалык, фискалдык саясат жаатындагы мамлекеттик саясат, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик материалдык резервдер, экономикалык жана региондук өнүктүрүү, мамлекеттик мүлктү, техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндөгү, ошондой эле адал индустрияны, сооданы өнүктүрүү, ишкердикти өнүктүрүү жана ишкердикти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу, эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат.

Министрликтин максаты - социалдык-экономикалык прогрессти жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо боюнча шарттарды түзүү болуп саналат.

Министрликтин милдеттери:

  • мамлекеттик экономикалык саясатты түзүү;
  • өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү артыкчылыктарын аныктоо;
  • өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана ишкердик ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Каалоочуларды ушул ишке катышып, аталган багыттар боюнча министрликтин ишин жакшыртуу боюнча бул бөлүмгө өзүңүздөрдүн идея, ой, сунуш, сунуштама, каалоолоруңуздарды калтырууну сунуштайбыз. Бардык калтырылган билдирүүлөр өзүнчө маалымат ресурсуна топтолот, андан соң алардын келип түшүүсү боюнча эксперттер тобу тарабынан каралат. Кароонун жыйынтыгында өлкөнүн экономикасынын сапатын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган кыйла конструктивдүү жана олуттуу сунуштар министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө пайдаланууга сунушталышы мүмкүн.

Көңүл буруңуз, “Идеялар кутучасы” калтырылган билдирүүлөргө жооп бербейт!

Төмөнкү сунуштар кароого кабыл алынбайт:

  • окууга мүмкүн болбогон текст жана түшүнүксүз кыскартууну камтыган;
  • уят-сыйытсыз маанини камтыган.
Прикрепить файл Файл не выбран
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу